Биз менен байланышыңыз

Австралияны сел алып, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 164 | 0

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон континенттин чыгыш жана түндүк-чыгыш жээктерин каптаган суу ташкынынан улам өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Сиднейде төрт миңден ашык үй суу алдында калып, 240 миңге жакын адам турагынан, мүлкүнөн ажырады. Турак жайдын көпчүлүгүндө кайра жашоого болбосу айтылды.

Сидней губернаторунун орун басары Пол Туле акыркы 24 саатта куткаруучуларга жардам сурап 3 миңден ашык чакыруу түшкөнүн белгиледи.

Ал эми Австралиянын метеорология бюросунун улук метеорологу Дин Наррамор кара нөшөр жакында түндүккө жылып, өмүргө коркунуч туудурган суу ташкынына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

«Жамгыр метрополитандын чоң бөлүгүндө, Хантерде жана түштүктө Иллаварруга чейин уланууда. Өлкөнүн бул аймагында буга чейин да бир нече жолу сел жүргөн. Кара нөшөр жакында түндүккө жылышы мүмкүн. Өмүргө коркунуч туудурган суу ташкынын жаратуу коркунуч бар», — деди.

Жаңы Түштүк Уэльсте Лисмор шаарын толугу менен суу каптады. Жалпысынан өлкөдө кеминде 20 адам каза болуп, ондогон адам дайынсыз болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM