Биз менен байланышыңыз

Зеленский Жо Байденге орус мунайынан баш тартканы үчүн алкыш айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 169 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байденге орус мунайын импорттоого тыюу салганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул чечим дүйнөгө таасирдүү болот деп эсептейт.

Ал: «Жеке өзүмдүн атыман АКШ президенти Байденге алкыш айтам. Бул — анын лидерлик сапаты. Мунайдын импортун тыюу — дүйнөгө күчтүү белги. Себеби Орусияга мунай үчүн берилген ар бир цент ок менен бомбага айланып, көз карандысыз башка өлкөлөргө бүлүк салууда», — деди кезектеги кайрылуусунда.

Кечээ, 8-мартта АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мунайы менен газын импорттоого толук тыюу салганын жарыялап, анысын «орус экономикасынын негизги артериясына сокку» деп атаган. АКШ президенти бул өлкөсүнө кыйыр түрдө кандайдыр бир сокку урса да, мындай кадамга барууга даяр экенин баса белгилеген.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Бул согуш ушул кезде да токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM