Биз менен байланышыңыз

Боррель: Евробиримдик Орусиянын мунайынан баш тартпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 4081 | 0

Евробиримдик орусиялык энергия ташуучулардын импортуна тыюу салууну көздөбөйт. Бул тууралуу Евробиримдиктин эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Al Jazeera телеканалына берген маегинде айтты.

Ал мындай билдирүүсүн Вашингтон Москвага каршы жаңы санкцияларды, анын ичинде энергетикалык ресурстарды импорттоого тыюу салганын жарыялагандан кийин жасады.

«Орусиялык энергиянын импортуна тыюу салбайбыз. Бул маселеде биз Байденге кошула албайбыз», — деди Боррел.

АКШ лидери Жо Байден Вашингтон Орусиядан энергетикалык ресурстарды импорттоого тыюу салганын 8-март күнү кечинде жарыялады. Ал мындай чечим Украинадагы кырдаалдын фонунда кабыл алынганын, аны Конгресстеги эки партия тең колдогонун кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM