Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусиянын мунайынан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 205 | 0

Жо Байден Орусиянын мунайы менен газын импорттоого толук тыюу салганын жарыялап, анысын «орус экономикасынын негизги артериясына сокку» деп атады. АКШ президенти бул өлкөсүнө кыйыр түрдө кандайдыр бир сокку урса да, мындай кадамга барууга даяр экенин баса белгиледи. Анткени АКШнын орусиялык импортко тике көз карандылыгы аз.

Байден АКШга караганда Орусиядан келген чийки затка көбүрөөк көз каранды болгон Европа да ушундай чараларды көрүп жатканын белгиледи.

Лондон быйылкы жылдын аягына чейин орусиялык энергия ташуучуларды толугу менен алмаштырарын кабарлады. Улуу Британияда орусиялык газ жана мунай суроо-талаптын болжол менен 8%ын жабат, ал эми өкмөт атаандаш булактарды издөө үчүн бир нече ай убакыт жетиштүү деп эсептейт. Германия да акырындан газ менен көмүрдөн баш тартып жатышканын айткан.

Өз кезегинде орус жетекчилиги буга чейин глобалдык санкцияларга «Түндүк Агым-1» аркылуу толук токтотуу менен жооп бере аларын билдирген. Москванын пикиринде, башка өлкөлөрдүн орус мунайынан жана газынан баш тартуусу баанын баррелине 300 доллардан жогору өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM