Биз менен байланышыңыз

Украина орус аскерлеринин илгерилөө темпи басаңдаганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 211 | 0

Орус аскерлери Украинага болгон аскердик чабуулун улантууда. Бирок аскерлердин илгерилөө темпи басаңдады. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жарыялаган аскерий операциялардын жаңы корутундусунда айтылат.

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча, коргонуу операциялары Түштүк, Чыгыш жана Түндүк багыттарда жүрүп жатат.

Киев жана Чернигов шаарлары украин аскерлеринин колунда экени, түштүк аймактарында жана деңиз жээктеринде коргонуу салгылашуулары жүрүп жатканы маалымдалды.

Орус аскерлеринин 24-февралдан Украинада жүргүзгөн атайын операцияларынын натыйжасында 8-мартка карата 1 миллион 735 миң 68 киши Украинадан чыгып кеткен. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттиги маалымдады. Анын көпчүлүгү, 1 миллион 27 миң 603ү Польшага көчкөнү кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM