Биз менен байланышыңыз

Жапония Орусияга карата нааразычылыгын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 3035 | 0

Жапония «дос эмес» өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмесине киргизгенине байланыштуу Орусияга нааразылык билдирүү жөнөттү.  Бул тууралуу Жапон Өкмөтүнүн башкы катчысы Хироказу Мацуно маалымат жыйынында билдиргенин «РИА Новости» сайты жазды.

«Орусия Жапонияны тизмесине «дос эмес» өлкө катары киргизгени өкүнүчтүү. Дипломатиялык каналдар аркылуу биз Орусияга нааразычылык билдирдик», — деген Хироказу Мацуно.

Орусия Өкмөтү өлкөсүнө каршы, достукка жатпаган аракеттерди жасаган мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин бекиткен. Ал тизмеге Евробиримдик өлкөлөрүнөн тышкары АКШ, Улуу Британия, Жапония жана башка 50гө жакын мамлекет кирген.

Орусия Өкмөтү «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM