Биз менен байланышыңыз

TikTok Орусияга чектөөлөрүн киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 397 | 0

Кытайдын TikTok социалдык тармагы Орусиянын «Фейк жаңылыктар жөнүндө» мыйзамынан улам өлкөгө жаңы контентти жана түз эфирди (стримдерди) жайылтууну токтоторун жарыялады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

4-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн аракеттери тууралуу жалган маалымат тараткандарды жана Орусияга карата санкцияларды киргизүүгө чакырык таштагандарды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамга кол койгон.

«Биздин эң башкы приоритетибиз: кызматкерлерибиздин, колдонуучуларыбыздын коопсуздугу. Орусиянын жаңы «фейк жаңылыктар» мыйзамына ылайык, биз видео кызматыбыздагы түз уктурууларды жана жаңы контенттин коопсуздук кесепеттерин карап чыкканга чейин токтотуп туруудан башка аргабыз жок. Бул билдирүүлөр биздин кызматыбызга таасир этпейт», — деп айтылат TikTok компаниясынын билдирүүсүндө.

ТикТоктун кызмат көрсөтүүлөрү Орусиядагы абалга байланыштуу болору белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM