Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Амазонка токойлору саваннага айлануу коркунучунда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 532 | 0

Окумуштуулар Амазонка токою климаттын өзгөрүшү жана токойлордун кыйылышынын натыйжасында күтүлгөндөн тезирээк саваннага айланышы мүмкүн экенин эскертишти.

Спутниктен алынган 25 жылдык сүрөттөрдү талдап, изилдөөчүлөр биринчи жолу Амазонка токойлорунун кургакчылык жана өрт сыяктуу таасирлерге болгон туруктуулугун өлчөштү.

Маалыматтар Амазонканын «калыбына келбей турган чекитке» жакындап калганын, статистикалык анализдер 2000-жылдардын башынан бери токойлордун 75 пайыздан ашыгы туруктуулугун жоготконун көрсөттү.

Бул маалыматтар Амазонканын «саванналар» деп аталган чөптүү талаага айланышы мүмкүн экенин эскертет.

Токойдун бузулушу чарбаларга, жолдорго жана шаарларга жакын аймактарда эң көп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM