Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 424 | 0

Белорустагы Беловежская-Пуща аймагында Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду болуп өттү. Бул тууралуу Орусиянын Минсктеги элчилиги өзүнүн Телеграм каналына жазды.

Сүйлөшүүлөр үч саатка жакын созулган.

«Орусия делегациясы менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундунда украин делегациясы гуманитардык коридорлордун логистикасы боюнча контекстинде оң натыйжаларга ээ болду», — деп билдирди Твиттерде украин президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михайло Подоляк.

Ошол эле учурда Подоляк кырдаалды жөнгө салуу жагынан абалды олуттуу жакшыртуучу жыйынтыктарга жетишилбегенин, бирок алдыда кеңешмелер дагы улана турганын билдирди.

Жакын арада Белорустун аймагында орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы өтөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү журналисттерге орус делегациясынын мүчөсү, Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду аяктагандан кийин билдирди.

Эске сала кетсек, 28-февралда украин жана орус делегациялары Белоруста сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрүп, андан аркы чечимдер боюнча кеңешүү үчүн өз өлкөсүнө жөнөп кетишкен. 3-мартта украин жана орус делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүп, анда тараптар гуманитардык коридорлор боюнча макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM