Биз менен байланышыңыз

Орусия дүйнөдөгү эң көп санкцияларга ээ болгон өлкөгө айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 854 | 0

Орусия дүйнөдөгү эң көп санкциялар киргизилген өлкөгө айланды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бир нече жылдан бери бул өлкөгө эң көп санкциялар киргизилген. 22-февралдан тарта дагы 2778 жаңы чектөө чаралары кошулганын Castellum.AI санкцияларга көз салуу кызматынын маалыматтары тастыктайт.

22-февралга чейин киргизилген чектөөлөрдү эске алганда, 2014-жылдан бери Орусияга каршы 7-мартка карата жалпысынан 5532 санкция киргизилген.

Орусия азыр санкциялардын саны боюнча Иран, Сирия жана Түндүк Кореядан алда канча алдыда.

Санкцияларга көз салуу кызмат белгилегендей, Орусияга каршы эң көп санкцияларды АКШ (1194), Канада (908), Швейцария (824), Евробиримдик өлкөлөрү (766) жана Франция (760) киргизген. Бул чектөөлөрдүн көпчүлүгү жекече болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM