Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жарандыгын алуу кыйла жеңилдеди

Коом | 4 Мар 2022 | 1105 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Этникалык кыргыздарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөтүү максатында былтыр жай айында президент Садыр Жапаров атайын жарлык чыгарган. Жарлык күчүнө киргенден азыркы күнгө чейин 2 миңден ашуун кайрылуу түшүп, анын 600дөн ашыгына жарандык берилген. Кыргызстандын паспортун алууну каалаган этникалык кыргыздардын 500дөн ашууну Баткен облусунда жашайт. Аймактарда жарандыгы жокторго жардам берүүчү пункттар ачылып, атайын топтор түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Этникалык кыргыздар жана жарандыгы жок адамдар бир катар кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бул маселе айрыкча COVID-19 пандемиясынын башталышы менен күчөгөн. Мисалы, этникалык кыргыздар жана алардын үй-бүлөлөрү социалдык жана медициналык кызматтарды алалбай калышкан.

Бул өңдүү жагдайларды эске алып, этникалык кыргыздарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөштүрүү максатында президент «Этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусун жеңилдетүү тартиби жөнүндө» мөөнөттүү жарлыкка кол койгон.

Жарлык күчүнө киргенден тарта Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандыгы жокторго паспорт берүү үчүн тиешелүү документтерди кабыл алууну баштаган.

Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Эсеналиеванын айтымында, 2021-жылдын жай айынан бери 2 миң арыз түшүп, анын ичинен 600 адам улуттук паспортко ээ болгон.

«Белгилеп коюшум керек, департамент күнүгө жарлыкты ишке ашырууга аракет кылуудабыз. Былтыр 21-июндан азыркы күнгө чейин жарандык алуу боюнча жалпы 2 миңге чукул кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 600гө жакыны президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын  жарандыгын алышып, улуттук паспортко ээ болушту. Калкты тейлөө борборлорунда этникалык жарандарга консультация берүүдө, кызмат көрсөтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Ошондуктан өзүнчө пункттарды ачуу чечимин кабыл алганбыз. Ал пункттардан кезексиз, акысыз консультацияларды ала алышат жана документтерин тапшыра алышат». 

Эсеналиева өз сөзүндө өлкө боюнча жарандарды тейлеген 12 пункт ачылганын, анын алтоо түштүк аймактарда, алтоо түндүк аймактарда экенин кошумчалап өттү.

3-февралдан 17-февралга чейин Чүй облусундагы жарандыгы жок этникалык кыргыздарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 1500дөн ашуун жардам көрсөтүлгөн. Учурда ушундай эле иштер Баткен облусунда да жасалууда.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбеков Баткен облусу боюнча 515 этникалык кыргызга жарандык берүү процесси жүрүп жатканын айтты.

«Былтыр каргашалуу окуялар болгондон кийин көптөгөн үйлөр жабыркап, анын ичинен биздин жарандардын документтери күйүп кеткен. Ошого байланыштуу бир-эки күн ичинде Баткен облусунун ар бир айылына мобилдик топтор менен барып, министрликтин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын берген. Ошол каражатка бардык жарандардын документтерин архивден чыгарып, калыбына келтирүү иштерин акысыз жүргүзгөнбүз. Ошол эле учурда Тажикстан же башка жактан келген Баткен облусундагы этникалык кыргыздарга кеңештерди берип, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 515 адамдын документин кабыл алдык. Учурда процедура жүрүп жатат».

Жер-жерлердеги, аймактардагы документация боюнча түшүндүрүү иштери «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мобилдик топторунун жардамы менен ишке ашууда. Ишкананын директору Рыскулбек Осмоналиев мобилдик топтор керектүү делген бардык каражат менен камсыздалганын билдирди.

«Биздин атайын мобилдик унаалар бар. Ошол унаалардын бардыгы тең атайын техника менен жабдылган. Ичинде интернет, компьютердик техниканын баары бар. Учурда биздин автоунаалардын жардамы менен жер-жерлерге, жаңы конуштарга, Баткен облусуна барып,  бардык документти кабыл алып жатышат. Ошону менен бирге нике күбөлүгүн, баланын күбөлүгүн чыгарганга да принтерлерди коюп бердик. Азыркы учурда бардыгы жабдылды».

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө ар кандай себептер менен өздүгүн тастыктаган документтери жок 5 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.

Жарандыкты жеңил жол менен берүү жарлыгы 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Copyright © 2017 Maral FM