Биз менен байланышыңыз

Орус аскерлеринин аткылоосунан Украинадагы АЭСтен өрт чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 889 | 0

Украинадагы Запорожье Атомдук электр станциясында (АЭС) өрт чыкты. Бул тууралуу АЭСтин басма сөз кызматынын өкүлү Андрей Туз Telegram каналында жарыялаган видеокайрылуусунда билдирди.

Украин маалымат каражаттары да Запорожьедеги атомдук электр станциясынын имараттарынан түтүн чыгып жаткан кадрларды жарыялоодо.

Запорожье облустук администрациясынын башчысы Александр Старух АЭСте коопсуздук калыбына келтирилгенин билдирди.

Запорожье АЭСинин кызматкерлеринин бири Телеграм каналы аркылуу орус аскерлери АЭСти аткылап жатканын айткан.

«Көңүл бургула! Орусия Федерациясынын техникасы Запорожье АЭСин аткылоодо. Европадагы эң ири атомдук электр станциясында ядролук коркунучтан да реалдуу коркунуч бар. Биз Запорожье АЭСине ок атууну токтотууну талап кылабыз!» — деген ал.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков орус армиясы Украинанын Запорожье облусундагы Бердянск жана Энергодар шаарларын, ошондой эле Запорожье атомдук станциясынын айланасын өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

Белгиленгендей, АЭСтин өздүк курамы объектилерди тейлөөнү жана радиоактивдүү абалды көзөмөлдөөнү штаттык режимде улантууда.

«Энергоатом» башкаруучу компаниясы мурдараак белгилегендей, Украинанын бардык атомдук электр станциялары штаттык режимде иштеп жатат, коопсуздук шарттары эч качан бузулбайт.

Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM