Connect with us

Казакстанда бийликчил «Нур Отан» партиясынын атын өзгөртүү сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 325 | 0

Казакстан бийлигинин башында турган «Нур Отан» партиясынын кезектеги курултайында мажилис төрагасы Ерлан Кошанов партиянын атын өзгөртүүнү сунуштап, аны президент Касым-Жомарт Токаев да колдоого алды.

«Нур Отандын» атын «Аманат» деп өзгөртүү сунушун берген Кошанов: «Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн чордонунда биздин партия турат. Албетте, өлкө менен катар партия да жаңыланууга муктаж. Партиянын ишмердигин жаңы мааниге ээ кылуу үчүн зарыл өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Ушундай шартта партиянын табиятын жана атын өзгөртүүнү туура деп эсептейбиз. Биздин оюбузча, Казакстандын башкаруучу партиясы ата-бабаларыбыздын урмат-сыйынын белгиси катары «Аманат» деген ысымды алып жүрүшү керек. Партиянын атын «Аманат» деп өзгөртүүнү бүгүнкү курултайда сунуштап жатабыз», — деди.

Сунушту колдогон президент Токаев: «Аманат деген сөз «ата-бабалардын керээзи», «келечек муунга насаат» дегенди билдирет. Аманат – элибиздин тарыхында, маданиятында өзгөчө символикалуу терең түшүнүк», — деди.

Казакстандын эң ири партиясы «Нур Отан» (Мекендин жарыгы) 1999-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан «Отан партиясы» деген ат менен негизделген.

Буга чейин Нурсултан Назарбаев жетектеп келген «Нур Отан» партиясынын төрагалыгын январь козголоңунан кийин Касым-Жомарт Токаев колуна алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM