Биз менен байланышыңыз

Бишкекте хоккей боюнча Дүйнө биринчилиги башталды (оюн жадыбалы)

Кыска кабар , Спорт | 3 Мар 2022 | 419 | 0

IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты бүгүн, 3-мартта Бишкектеги шаардык муз аянтында башталды. Оюн саат 16:00дө Кувейт жана Малайзия командаларынын беттеши менен ачылды. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, мелдеш 8-мартка чейин улантылат.

Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүп жаткан бул спорттук мелдеште Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран Ислам Республикасынын командалары күч сынашат.

Турнирге Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф келери күтүлүүдө.

Оюндардын жадыбалы:

1-тур — 3-март.

16:00 Малайзия — Кувейт

20:00 Кыргызстан — Иран

2-тур — 4-март.

19:00 Сингапур — Иран

3-тур — 5-март.

17:30 Кувейт — Сингапур

20:00 Кыргызстан — Малайзия

4-тур — 6-март.

19:00 Иран — Кувейт

5-тур — 7-март.

17:00 Малайзия — Иран

20:00 Кыргызстан — Сингапур

6-тур — 8-март.

17:00 Сингапур — Малайзия

20:00 Кыргызстан — Кувейт

Чемпионатты 2020-жылы өткөрүү пландалган. Бирок, пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал үчүн бюджеттен 2 млн сом бөлүнгөн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM