Биз менен байланышыңыз

Арменияга жаңы президент шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 277 | 0

Армения парламенти Вахагн Хачатрянды өлкөнүн президенти кылып шайлады. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Вахагн Хачатрян буга чейин Армениянын Жогорку технологиялык өнөр жай министри болуп иштеп келген. Аны көпчүлүктү түзгөн «Жарандык келишим» партиясынын 71 депутаты сунуштаган. Биринчи турда жетиштүү добуш алалбаганына байланыштуу эң көп добуш алган эки талапкер кайра коюлуп, экинчи турда Хачатрянга 65 депутат «макул» добуш берди.

Оппозициялык «Армения» жана «Намысым бар» партиялары шайлоого бойкот жарыялашкан.

Армениянын президенти Армен Саркисян 23-январда отставкага кеткен. Ал «өлкөнүн ички жана тышкы саясатына таасир эте турган куралдардын жоктугунан» улам кызматтан кетип жатканын билдирген. Анын ыйгарым укуктары 1-февралда расмий түрдө токтотулган. Анткени бир жуманын ичинде буга чейин мурдагы мамлекет башчы отставкага кетүү тууралуу арызын кайтарып алган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM