Connect with us

Гаага соту Орусия-Украина согушундагы кылмыштарды иликтей баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 453 | 0

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) 39 өлкөнүн кайрылуусунан кийин Украинанын аймагында согуштук аракеттер учурунда жасалган кылмыштарды иликтей баштады. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазды.

«Биз далилдерди чогултуу ишин баштадык», — деди ЭКСтин прокурору Карим Хан.

Алдын ала тергөө ЭКСтин юрисдикциясына кирген кылмыштар Украинада жасалган деген негиздүү шектенүүлөр бар экенин көрсөткөн.

Буга чейин 39 өлкө (Канада, Евробиримдик, Улуу Британия жана башкалар) Украинадагы жаңжалдан улам Орусияга каршы тергөөнү тез арада баштоо өтүнүчү менен Гаагадагы трибуналга кайрылган. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон «Москва жасаган кылмыштары үчүн жазасыз калбасын» билдирди. Ошону менен бирге ар бир орусиялык офицер жана саясатчы трибуналга түшүп калышы мүмкүн экенин эскертти.

ЭКС геноцид, согуш кылмыштары, адамзатка каршы жасалган кылмыштар жана баскынчылык кылмыштары үчүн жооптууларды соттойт. Сот 2002-жылы уюштурулган.

Орусия ЭКСтин мүчөсү эмес. Бирок 2014-жылы Крымды каратып алганга чейин сот менен кызматташып келген.

Негизинен, ЭКС ушул убакка чейин африкалык өлкөлөргө байланыштуу иштерди иликтеп келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM