Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралышы мүмкүн. Себеби Украина жана Орусиядагы кырдаалдан улам дары ташып келүү мүмкүнчүлүгү белгисиз бойдон калууда. Кыргызстан бул өлкөлөрдөн дары-дармек жана медициналык каражаттын 60%ын импорттойт. Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда 3 айга жетерлик запас бар экенин кабарлады. Ошону менен бирге кырдаалдан чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Эксперттер жетиштүү чара көрүлбөсө, жакынкы убакытта кээ бир дарылардын баасы 50%га чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Андыктан таңкыстык жаратуучу дарылардын тизмесин тез арада түзүп, аларды өлкөгө каттоосуз киргизүү керектигин айтышат.
Украина менен Орусиянын ортосундагы түзүлгөн кырдаалдан улам дары-дармек боюнча Украинага берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылган.
Ал эми орусиялык өндүрүшчүлөр бир чети киргизилип жаткан санкцияларды эске алып, бир чети рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту.
Ошол себептен дары-дармек жана медициналык каражат ташып келүү маселеси качан чечилери белгисиз бойдон калууда.
Учурда Кыргызстанда 3 айга жете турган дары-дармек запасы бар.
Фармацевтика бирикмесинин төрагасы Эрнис Асанов андан кийинки айларда дары тартыштыгы жаралбашы үчүн чараларды азыртан көрүү керектигин эскертти.
«Украинадан мурда буйрутма берилген дарылардын келбей калышынан, орусиялык компаниялардын «азыр убактылуу дары-дармек жөнөтө албайбыз, өзүбүздүн ички рынокко керек» дегенинен келип чыкты. Министр менен каттоодон өтө элек башка мамлекеттерден дарыларды алып келүү жөнүндө талкуу болду. Бүгүнкү күндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, же токтом чыгарып, дарыларды башка мамлекеттерден алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек. Мурун эле Индиядан, Кытайдан, Түркиядан дарылар келип жүргөн. Биз ошол мамлекеттерден келе турган дарылардын ассортиментин көбөйтүшүбүз керек».
Кыргызстанга дүйнөнүн 30дан ашык мамлекетинен дары-дармек жана медициналык каражат импорттолот. Анын ичинен Орусия жана Украинадан алынып келген товарлардын үлүшү бардык импорттун 60%ын түзөт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги көйгөйдөн чыгуу жолдорун иштөө үчүн атайын жумушчу топ түзгөнүн кабарлады.
Министрликтин дары саясаты боюнча башкы адиси Аида Жакыпбекова Кыргызстан пандемия учурунда деле дары-дармек кризисинен чыкканын, эми азыркы кырдаалдан чыгуу да анчейин кыйынчылык жаратпай турганын айтты.
«Пандемия учурунда чыдаганбыз да. Ошондо өзүбүздүн нормативдик документтерге таянып туруп, ошого карап жолдорун тапканбыз. COVID-19 пандемиясы учурунда мындан да жаман болгон. Анткени бүт дүйнө жүзү ушундай проблемага учураган. Бизде негизги жеткирип берүүчүлөр: Индия, Кытай, Орусия, Украина, Түркия жана айрым Европа өлкөлөрү. Алардын баарында ушундай проблема болгон. Бизде азыр Украина менен Орусиядан гана көйгөй чыгып жатпайбы, ал учурда мындан да чоң масштабдагы проблема болгон. Ошондон чыктык. Кудай буйруса, ошондой эле жолдор менен чыгабыз. Анда атайын токтом менен өтө маанилүү дарылардын тизмеги түзүлүп, аларды алып кирип, чыгып кеткенбиз. Ошол сыяктуу эле иш-чаралар жүргүзүлөт».
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-марттан кийин КМШ жана башка өлкөлөрдөгү кесиптештеринин Түркияда өтө турган жыйынына катышат. Дал ушул жыйында дары-дармек маселеси боюнча да сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.
Өлкөдө доллардын өсүшүнө байланыштуу жакынкы убактарда дары-дармек жана медициналык каражаттын баасы 15%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби фармацевтикалык компаниялар товарларын сырттан доллар менен сатып алат. Ошол эле учурда азыркы кырдаалга байланыштуу жетиштүү чара көрүлбөсө, кээ бир дары-дармектин баасы 50%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин адистер белгилешет.
Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча эксперт Айбар Султангазиев дүйнөдө болуп жаткан абалга байланыштуу дары-дармек кризиси күтүлгөн жагдай экенин айтат. Ал тез арада чет өлкөлөрдөн алып келине турган дары-дармектерди өлкөгө каттоосуз киргизүүгө уруксат берүү керек деген ойдо.
«Индиядан, Пакистандан келген дарылардын каттоо убактысы бүтүп калган. Каттоосу жок мамлекетке кире албайт. Ошон үчүн биздин өкмөт кайсы дарылар келбей калат, кайсы дарылар аз болуп калат, ушуну тез арада анализ кылып туруп, анан ушундай дарыларды каттоосу жок жол менен киргизгенге токтом чыгарышы керек. Пандемия учурунда ошондой токтом чыкты эле, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Башка мамлекеттерде дары жок кезде бизде бар болчу. Буга ошол токтом жардам берген. Эми ошондой токтомду кайра чыгаруу керек».
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 200дөн ашык дары ташыган компания бар. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн көп. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.
Былтыр суроо-талапка ээ болгон 500дөн ашык дары-дармек аныкталып, ири дарыканаларда мурунку баасынан 10%-68%га чейин арзандатылган.
Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путиндин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган. Бул окуя Кыргызстандын экономикалык абалына да өз таасирин тийгизүүдө.