Connect with us

Украиналык качкындар Евробиримдикте үч жылга чейин коргоого алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 531 | 0

Украиналык качкындар Германияда адаттагыдай башпаанек алуу процедурасынан өтүшпөйт. Алар дароо Евробиримдикте үч жылга чейин коргоого алынат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер «Твиттер» баракчасына жазды.

«Биз тез жана бюрократиялык кечигүүсүз жардам беребиз. Украинадан келген качкындар башпаанек алуу процедурасынан өтүшпөйт, алар дароо Евробиримдикте үч жылга чейин коргоого алынат. Биз аларды камсыздап, эмгек рыногуна мүмкүн болушунча тезирээк кирүүсү үчүн шарт түзөбүз», — деди Фезер.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда Германияга 5 миңдей украиналык качкын келип, алардын агымы күн санап өсүүдө.

Буга чейин БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын расмий өкүлү Шабиа Манту акыркы 6 күндө Украинадан коңшу өлкөлөргө 660 миңден ашуун качкын келгенин билдирген. Maнтунун айтуусунда, качкындардын өсүшү ушул эле темпте улана берсе, «бул кылымдын эң чоң качкындар кризиси» болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM