Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер жаңы салык кодексине өзгөртүү киргизүү талабын коюшууда

Экономика | 2 Мар 2022 | 816 | 0

Салык кодексин кабыл алууда ишкерлердин сунуштары эске алынган эмес. Мындан улам ага өзгөртүү киргизүү талабы коюлууда. Экономика министрлиги салык кодексинин долбоору коомдук талкууга чыкканда 300дөн ашуун сунуш-пикир түшкөнүн, анын ичинен беш-алтоосу гана өтпөй калганын белгилешет. Туризм жана коомдук тамактануу жайынын кожоюндары бекитилген 8% жогору экенин айтышып, пайызды төмөндөтүүнү өтүнүшөт.

Ишкерлер жаңы кабыл алынган салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, кодексти кабыл алууда сунуш-пикирлери эске алынган эмес. Мисалы, жаңы салык кодексинде кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын, дары-дармектин тизмеси бекитилген эмес, коомдук тамактануу жайлары үчүн салык ашыкча коюлган.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Жанабил Давлетбаев туризм тармагында иш алып баргандар да жаңы салык кодексине байланыштуу көп кайрылып жатышканын айтты.

«Бизге туризм тармагында иштеген ишкерлер да кайрылып жатат. Алар 6% салык коюлуму көп дешет. Алар көбүнчө жалпы режимге өтө алышпайт. Себеби кирешелерин көрсөтө алышпайт. Туризм көбүнчө айыл жергеси менен иштейт, анан жеке адамдар менен иштешкени үчүн чек ала албайт. Кымызын сатып алса, боз үйүн ижарага алса, аты менен сейилдесе, ошонун баары биз жалпы режим менен иштей албайбыз, бирдиктүү салык режимине өтөбүз, бирок ал жерде да 6% салык көп деп жатышат».

Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабековдун айтымында, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда жалпы 300гө жакын сунуш-пикир келип, анын ичинен 5-6 гана сунуш өтпөй калган.

Исабеков ишкерлер менен диалог курууга даяр экенин айтып, алдыда салыктан качкан ишкерлердин ишин фискалдаштырууну күчөтүү аракеттери болуп жатканын кошумчалады.

«Биз деген бир четинен бизнеске жакшы ыңгайлуу шарттарды түзүп, экинчиден, салык саясатын күчөтүп, жакшыртышыбыз керек. Анткени бизде көмүскө экономика Улуттук статистиканын расмий маалыматы боюнча, 20-22% деп айтылып жатат. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттер 40-50%га чейин жетет деп жатышат. Ошондуктан биз: «Салыктарын төлөп жаткан, ачык иштеген ишкерлерди колдойбуз», — деп жатабыз. Ачык иштебеген, салыктан качкан ишкерлерди таап, салыктарды төлө деген механизмдер керек деп салык процедураларын фискалдаштыруу компоненттерин күчөтүп киргизип жатабыз».

Коомдук тамактануу жаатындагы ишкерлер мурда жалпы салык режиминде иштеп, келишимдин негизинде ай сайын салык төлөп келишкен. Эми жаңы мыйзамга ылайык кварталына кирешесинин 8%ын төлөөгө милдеттендирилген.

Экономика жана соода министрлиги учурда бул өлчөмдү 6%га түшүрүү сунушталып жатканын билдирди.

Кыргызстандагы рестораторлор жана мейманканачылар ассоциациясынын директору Евгений Тяндын пикиринде, салыкты 8% дан 6% га түшүрүү эч кандай өзгөртүү алып келбейт.

«Биз төлөөгө макулдук берген салык пайызы болсо, анда бул жаатты өнүктүрүүгө шарт түзүлмөк. Биз 2%га түшүрүүнү сунуштап жатабыз. Мындан жогору болсо, кыйынчылык жаралат. Бишкек шаарындагы ресторандарды алсак, алардын орточо рентабели 13%-20% чейин. 6-8% салык алынса, кирешенин жарымынан көбүн төлөөгө мажбур болобуз. Көпчүлүгү ресторан ачууну оңой көрүшөт. Баса белгилеп айтып коюу керек, мындан азынын гана иши жүрүшөт. А жаңы салык кодексинин коюлган пайызы менен иш дагы да татаалдашат».

 Бул жааттагы ишкерлер салыктын жогорулашы менен коомдук тамактануучу жайлардагы тамак-аш кымбаттосу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Былтыр январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта чогулган салык жана төлөм 85 млрд 770 млн 500 миң сомду түзүп, мерчемделген сумма 3 млрд 81 млн 700 миң сомго ашык аткарылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл башында кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 150 миллиард сомдун тегерегинде салык жыйноо тапшырмасын берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM