Connect with us

Зеленский биринчи сүйлөшүүдөн күткөн жыйынтыкты ала элегин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 460 | 0

Владимир Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында күткөн жыйынтыкка жете элегин, украин бийлиги экинчи айлампага өтүүнү делегация кайтып келип, биринчи сүйлөшүү жараянын талдап чыккандан кийин чечерин билдирди. Украин лидеринин видеокайрылуусу Президенттин аппаратынын Telegram-каналына жарыяланды.

Зеленский Беларуста Орусия менен болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп: «Азырынча биз каалаган жыйынтыкка ээ боло элекпиз. Орусия өз позициясын билдирди. Согушту токтотуу үчүн биз тараптан каршы пикирлер айтылды. Биз өзүбүзгө тиешелүү кээ бир сигналдарды алдык», — деди.

Зеленский дагы бир ирет Батыш өлкөлөрүн жана жалпы эл аралык коомчулукту Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Ал ошондой эле 28-февралда Украина Евробиримдикке кирүү үчүн арыз бергенин айтты.

«Биз муну 30 жылдан бери күтүп келгенбиз, мен ЕБге кирүү арызына кол койдум. Арыз Брюсселге жеткирилген, биз кол коюуну күтүп жатабыз. Убакыт келди!» — деди Украинанын президенти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM