Connect with us

Орусия менен Украинанын делегацияларынын биринчи жолугушуусу аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 426 | 0

Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы аяктады. Ал 6 саатка созулду.

Кездешүү аяктагандан кийин Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк орус жана украин делегациялары сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы алдында кеңешүү үчүн борборлоруна барарын маалымдады.

Подоляк делегация бир катар артыкчылыктуу темаларды аныкташканын, белгилүү бир чечимдерди белгилешкенин айтты.

«Орусия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында белгиленген темалар конкреттүү өнүгүү практикасын алат», — деп кошумчалады Подоляк.

Украин өкүлүнүн айтымында, сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты Украинада ок атышпоо маселесин талкуулоо болгон.

Украин тарап менен сүйлөшүүлөргө катышкан Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский кийинки айлампасы жакынкы күндөрү Польша-Беларусь чек арасында болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Тараптар «жалпы позицияларды алдын ала айтууга боло турган айрым пункттарды тапты» деген сөз менен чектелишип, кеңири маалымат берилген жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM