Connect with us

Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлерге 22 млн $ жардам көрсөткөн

Экономика | 28 Фев 2022 | 782 | 0

Бизнес-акыйкатчы институтунун түптөлгөнүнө туура 2 жыл болду. Институт ишкерлердин укугун коргоо максатында түзүлгөн. Мекеме бул убакыт аралыгында ишкерлердин 200дөн ашуун арызын карап, жалпы 22 млн долларга жакын суммада жардам көрсөткөн. Бирок айрым эксперттер институт бийликтен маанилүү орун ээлей албай жатканын, операциялык иштерди гана аткаруу менен чектелип келерин айтышат. Өлкөдө каттоодон өткөн 400 миңден ашуун ишкер бар.

Мэлс Эркинбек Түштүк Кореядан тоо-кен тармагынын техникаларына тетиктерди ташып келүү менен алектенет. Ал бул жаатта мамлекеттик ишканаларга да кызмат көрсөтөт. Бирок мындан бир нече жыл мурун мамлекеттен аласасын ала албай, Бизнес-акыйкатчы институтуна кайрылууга мажбур болгон. Институттун көмөгү менен ишкердин маселеси оң тарапка чечилген.

«Мамлекеттик ишканадан аласамды ала албай жүргөн кезде Бизнес-акыйкатчы институтуна бир жолу кайрылгам. Алар кат жазып, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, колдоо көрсөтүшкөн. Институт мен жазган катка тез-тез реакция кылып, жооп берип, мамлекеттик ишканага «төлөп берип койгула» деп жазып, аракеттерин көрүшкөн. Соңунда ишим оң тарапка чечилген».

Бүгүнкү күндө өлкөдө каттоодон өткөн 400 миңден ашык ишкер бар. Ошондой эле жыйырмага жакын ассоциация активдүү иш алып барат.  Бирок андай бирикмелер ишкерлерге толук кандуу жардам бере албайт. Ошол себептүү өлкөдө Бизнес-акыйкатчы институтуна муктаждык пайда болгон.

Институт 2018-жылы өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. 2020-жылдын 28-февралынан бери иш жүргүзүп келет. Мекеме ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда сотко чейинки талаш-тартыштарды чечүүгө басым жасайт.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев институт 2 жыл ичинде ишкерлерге 2 млрд сомго жакын жардам көрсөткөнүн билдирди.

«Эки жылдын жыйынтыгын акчалай айта айта турган болсок, жалпы 2 млрд сомго жакын жардам бериптирбиз. Бул биринчиден, салык башкаруу системасы менен байланышкан арыздар. Ошол ишкерден арыз алып, терең экспертиза жүргүзүп, салык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, талаш-тартыш менен ишке ашат. Долларга которсок, 22 миллиондон ашык сумманы түзөт. Соңку учурда ишкерлерден мамлекеттик сатып алуулар менен байланышкан арыздар көп түшүүдө».

Институттун маалыматына ылайык, Жаңы салык кодексин, Жазык процессуалдык кодекстерин кабыл алууда Бизнес-акыйкатчы институтунун берген сунуштарынын 30%га жакыны эске алынган.

Кыргызстандагы сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Темир Ажыкулов — Бизнес-акыйкатчы кызматынын түзүлүшүнө салым кошкондордун бири. Ал институттун түзүлүп жаткандагы максаттары толук ишке ашпай жатат деп эсептейт.

«Биз коомго таанылып, булар сүйлөгөндө мамлекеттик бийлик уга турган институт күткөнбүз. Акыркы 2 жылда балким жаңы түзүлгөнү үчүнбү, көбүрөөк операциялык иштер менен алек болушуп эле кат жазып, бир-эки компанияга жардам берип эле калып калышты. Бийликтин бутагы катары кабыл алынса деле жакшы болмок. Ошол эле бийлик бутактары ишкердикке тишелүү чечим кабыл аларда булар менен кеңешип койгон деңгээлде болсо жакшы болмок. Тилекке каршы, андай деңгээлге жете алышпады».

Бизнес-акыйкатчы институту АКШда жана Кореяда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Кошуна Казакстан 2005-жылы бул институтту ишке киргизгени маалым.

Copyright © 2017 Maral FM