Connect with us

18 өлкө Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 1844 | 0

Евробиримдиктин 18 өлкөсү орусиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндиктерин жабышты. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү жарыялашты. Калган өлкөлөрдү да ушундай аракеттерди көрүүгө чакырышууда. Бирок тиешелүү чаралар Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланат.

Буга чейин мындай чечимди Финляндия, Швеция, Словения, Латвия, Литва, Румыния, Эстония, Польша, Чехия, Улуу Британия, Болгария кабыл алышкан. Андан соң, Германия, Австрия, Ирландия, Исландия, Дания, Нидерландия жана Бельгия орус учактары үчүн аба мейкиндиктерин жабышты. Өз кезегинде Орусия Болгариянын, Польшанын жана Чехиянын авиакомпанияларына, ошондой эле Улуу Британияга таандык же ижарага алынган учактарга карата аба мейкиндигин жапкан.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялаган.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM