Биз менен байланышыңыз

БУУ Орусия үчүн тынчсызданууда

Кыска кабар | 23 Фев 2022 | 261 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет, Орусиянын Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин администрацияларын расмий таануу чечиминен кийин ыктымалдуу аскердик кыймылдын адам укуктарынын олуттуу бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Бачелет жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Орусиянын президенти Владимир Путиндин мурунку күнү кечинде жарыялаган чечиминен кийин кандайдыр бир аскердик кыймылдан келип чыгышы мүмкүн болгон олуттуу чыңалуунун адам укуктарынын бузулушу менен катар эл аралык мыйзам жагынан да олуттуу тобокелдиктерди жаратуусунан тынчсыздануудамын»,-деди.

Бул орчундуу учурда эң негизги максаттын чыңалууну азайтуу, жарандардын өлүмүнө жол бербөө, жер которуунун жана жарандык инфраструктуранын жок кылынышынын алдын алуу экенин баса белгилейт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM