Бишкекте майрамга утурлай согушта курман болгондор эскерилди, деп билдирет Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 23-февралда – Мекенди коргоочулардын майрамын утурлай Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өчпөс отко гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгондорду эскеришти.
Иш-чарага КР Коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиеав, Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, шаар туургундары, мектеп окуучулары катышты.