Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында аял ишкерлер үчүн креативдүү лаборатория ачылды

Кыска кабар | 13 Фев 2022 | 745 | 0

Ош шаарында аял ишкерлер үчүн сонун мүмкүнчүлүк пайда болду. Бизнестеги ар кандай көйгөйлөрү боюнча алар эми креативдик  лабораторияга келип кеңеш алып, ар кандай окуулардан өтө алышат.

Аял-ишкерлер үчүн ачылган креативдик лаборатория тажрыйба алмашууга боло турган, байланыштарды кура турган, өнөктөрдү таба турган өзүнчө бир аянтчага айланат дейт долбоордун жетекчиси, Ололо-Ош IT-хабынын башкы менеджери Гульнур Абылкасымова.

«Бизнестеги аялдардын саны өсүүдө, муну менен бирге ийгиликсиз тажрыйбага ээ болгон аялдар да көбөйүүдө. Билимдин жетишсиздигинен, тажрыйбанын жоктугунан ж.б. көп себептерден улам ийгиликке жетпей көңүлү калып жатат. Креативдик лаборатория мына ушул маселелерди чечүү үчүн түзүлдү. Лабораторияда биз тренинг, семинарларды, ар кандай мастер-класстарды уюштуруп турабыз, зарыл болсо психологдун консультациясын уюштуруп бере алабыз. Кыскасы, аял-ишкерлер үчун ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт».

Аял-ишкерлер үчүн креативдик лаборатория БУУӨПтүн Акселератор лабораториясынын колдоосу менен Ололо-Ош IT-хабынын алкагында түзүлдү. Долбоор бир жылдык мөөнөткө эсептелген. Бул мезгил ичинде белгилүү бир сандагы аял ишкерлер тандалып алынат да, аларга ар тараптуу коштоо болмокчу. Иш эки багытта жүрөт, жаңы баштаган аял-ишкерлердин тобу жана бизнесте тажрыйбасы бар, бирок өсүүгө муктаж болгон айымдардын өзүнчө тобу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM