Биз менен байланышыңыз

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду

Кыска кабар | 13 Фев 2022 | 828 | 0

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Конгантиев Молдомуса Ташболотович 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты, милициянын генерал-лейтенанты.

Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад шаардык ИИБнин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облустук ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2008-жылдын январында ички иштер министри болуп дайындалган. КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча Молдомуса Конгантиевдин жүрөгү токтоп калган. Анын сөөгү эртең Бишкекке жеткирилип, борборго коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM