Биз менен байланышыңыз

Кожошев жана Глазьев Евразиялык экономикалык форумдун уюштурулушун талкуулады

Кыска кабар | 13 Фев 2022 | 438 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын министри, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтүүчү Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулады.

Кожошев Евразия экономикалык форумунун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын айтып, ошондой эле бул иш-чара кандай уюштурулушу керектиги боюнча өзүнүн көз карашын айтты.

Өз кезегинде, Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастап, Евразиялык экономикалык форум алгач ирет өтүп жаткандыгын жана аны тийиштүү деңгээлде өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM