Connect with us

Ар бир жарандын колунда канча акча бар?

Кыска кабар | 13 Фев 2022 | 515 | 0

Кыргызстан калкынын номиналдык акчалай кирешеси өткөн жылдын январь-сентябрь айыларына карата 397 миллиард сомду түздү. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган сумманын ичинен 66,8 пайызы — иштеген жеринен эмгек акы катары алган киреше. Ал эми социалдык трансферттер (пенсия, жөлөк пул) 14,8, жеке чарбалардан түшкөн киреше 13,7 жана башка акчалай түшүүлөр 4,7 пайызды түзөт.

Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, адам башына болгон колдогу акчалай киреше, айына 6 511,9 сомду түзүп, 18,5%га көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM