COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.
Акыркы суткага карата 2 миң 159 адам коронавируска каршы эмдөөнү кайталап алды. Муну менен бустердик доза алгандардын жалпы саны 85 миң 886 адамга жетти.
Кайталап эмдөө алгандардын аймактык статистикасы төмөнкүдөй болду:
Бишкекте – 239;
Ош шаарынд – 79;
Чүй облусунда –157;
Ош облусунда – 279;
Талас облусунда – 63;
Нарын облусунда – 74;
Ысык-Көл облусунда – 530;
Жалал-Абад облусунда – 562;
Баткен облусунда –176 адам вакцина алды.
Ал эми акыркы суткага карат вакцинанын биринчи дозасын 6 миң 966 адам алды, жалпы 1 млн 369 миң 171 адам.
— экинчи дозасын 624 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 116 миң 986 адам алды.