Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 69 адам илдетке чалдыгып, 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 230 | 0

11-февралга карата коронавирус 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 274 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда 585 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 597 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 890 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 232 киши айыгып чыкса, 2 миң 920 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM