Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Эмдөө боюнча статистикалык маалымат

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 185 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб эмдөө алгандардын статистикасын жарыялады.

Андан белгилүү болгондой, акыркы суткада коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 миң 968 адам, экинчи дозасын 672 адам, бустердик дозаны 1 миң 707 адам алган.

Жалпы өлкө боюнча 2 млн 542 миң 843 адам эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинен  1 млн 357 миң 529 адам биринчи дозасы, 1 млн 107 миң 166 адам экинчи дозасы, 78 миң 148 адам бустердик доза менен эмделген.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM