Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8 млрд 804 млн куб метрди түздү

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 208 | 0

Бүгүн, 8-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 804 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 128 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 445 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM