Биз менен байланышыңыз

Лига AFL: 19-февралда «Кыш-Жай-2022» турнири башталат

Кыска кабар , Спорт | 7 Фев 2022 | 421 | 0

19-февралдан тарта Бишкек шаарында ышкыбоздордун футбол лигасынын (AFL) XII чемпионаты башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Биринчилик үчүн 64 команда төрт дивизиондо ат салышат: Премьер Дивизион, Биринчи Дивизион, Экинчи Дивизион, Үчүнчү Дивизион. Чемпионат тегерек системасы боюнча бир этапта өткөрүлүп, ар бир дивизиондо 16дан команда ойнойт.

Биринчи, экинчи жана үчүнчү дивизиондордон алдыңкы үч орунду алган командалар түздөн-түз кийинки дивизионго чыгышат.

Мелдештер «Футболистан» талааларында 28-майга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM