Биз менен байланышыңыз

Түркия НАТОнун кеңейүүсү бир нече өлкөгө коркунуч алып келет деп эсептейт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 400 | 0

Түркиянын «Ватан» партиясынын башкы катчысы Догу Перинчек «РИА Новости» маалымат агенттигине берген маегинде НАТОнун кеңейүүсүн Орусия, Түркия, Иран жана Кытай үчүн коркунуч катары баалады.

Ал белгилегендей, Орусия президенти Владимир Путиндин Бээжинге, андан кийин Анкарага жасаган сапары аймак үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн «тынчтык жана түшүнүүгө багытталган» жол картасын символдоштурат.

Буга чейин Орусия Тышкы иштер министрлигинин курал-жарактарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө департаментинин директору Владимир Ермаков Батышты АКШнын Европадагы өзөктүк куралынын коркунучу тууралуу ойлонууга үндөгөн. Дипломат кошумчалагандай, ядролук куралы жок Европа мамлекеттерининНАТОнун биргелешкен өзөктүк миссияларына катышуусу алардын негизги милдеттенмелерине карама-каршы келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM