Биз менен байланышыңыз

Германиянын канцлери Киевге курал берүүдөн баш тартуусун түшүндүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 850 | 0

Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин Киевдин талабы боюнча Украинага 5 миң каска жеткиргенин, ал эми курал-жаракты экспорттоодо катуу чектөөлөр чоң роль ойноорун америкалык «Вашингтон пост» гезитине берген маегинде билдирди.

«Биринчиден, Украина каскаларды жөнөтүүнү суранды, биз бул өтүнүчкө жооп бердик. Экинчиден, кризистик аймактарга курал экспорттоодо биз карманган катуу критерийлер бар. Германиянын курал-жарактарды экспорттоо боюнча чектөөлөрү чоң роль ойнойт», — деди Шольц.

Германиянын Коргоо министрлиги буга чейин Украинага 5 миң каска берерин билдирген. Ал эми немис элчи Киевге коргонуу куралдарын жеткире баштоону бир нече жолу талап кылган. Бирок Олаф Шольц жаңжал болгон аймактарга курал-жарак берилбей турганын жарыялаган.

Буга чейин Киев жана Батыш мамлекеттери Орусия тараптан Украинанын чек арасына жакын жерде «агрессивдүү аракеттер» көбөйүп жатканын тынымсыз жарыялап келген. Москва мындай айыптоолорду четке кагып, эч кимди коркутпай турганын жана эч кимге кол салбай турганын айтып, «Орусиянын агрессиясы» деген дооматтарды орус-украин чек арасына НАТОнун аскерий техникасын көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо болуп жатат деп белгилеп келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM