Биз менен байланышыңыз

Бээжин-2022: Медалдардын саны боюнча Норвегия алдыда

Кыска кабар , Спорт | 7 Фев 2022 | 435 | 0

Бээжин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында бүгүн, 7 февралда 9 комплект медаль ойнотулат. Оюндун үчүнчү күнүндө муз үстүндө бийлөө, тоо лыжасы, сноуборд, коньки тебүү, биатлон, шорт-трек жана лыжа менен секирүү боюнча мыктылар аныкталат. Буга чейин эки күндүн жыйынтыгы менен медалдык эсепте Норвегия медалдардын саны боюнча 2 алтын жана 1 коло менен алдыда келүүдө.

Экинчи орунда 2 алтыны бар Швеция болсо, үчүнчү орунду Орусиянын Олимпиада комитетинин командасы 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) келе жатат.

Белгилей кетсек, олимпиадага Кыргызстандын атынан катышып жаткан Максим Гордеев 16-февралда чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM