Connect with us

Трамп Байденди Ак үйдөн кууп чыгуу ниетин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 551 | 0

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Техастагы митингде сүйлөп жатып, Кошмо Штаттарды «алсыз лидерден тазалоо» ниетин билдирди. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

«Биринчиден, биз Нэнси Пелосинин саясий карьерасына биротоло чекит коёбуз. Ал эми 2024-жылы Байдендин кылмыштуу үй-бүлөсүн Ак үйдөн кууп чыгабыз», — деди Дональд Трамп.

Трамп Байденди «алсыз жана негизсиз чечимдеринен улам үчүнчү дүйнөлүк согуштун коркунучун жаратып жатат» деп айыптоодо. Ошондой эле ал 2024-жылы кайрадан шайланып келсе, учурдагы президенттин үстүнөн коррупция беренеси менен иш козготуп, тергөө баштатуу ниетин жашырбайт.

Буга чейин Дональд Трамп шайлоодо жеңишке жетишсе, Капитолийдеги чабуулдун катышуучуларына ырайым берерин айткан.

Эксперттердин айтымында, АКШ президенти Жо Байдендин азыркы администрациясынын жаңылыш кадамдары кийинки шайлоодо Трамптын утуп чыгуусуна мүмкүнчүлүк берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM