Ооганстандын жогорку билим берүү министри Абдул Баки Хаккани Ооганстандагы университеттерде сабактар башталарын билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Белгиленгендей, жылуу аймактагы студенттерге 2022-жылдын 2-февралынан баштап, суук аймактагы студенттерге 26-февралдан тарта кайра сабакка кайтууга уруксат берилген. Жаңы семестрдин алдында ар бир окуу жайда сынактар өткөрүлөт. А бирок кыздардын сабакка баруусуна уруксат берилеби же жокпу, азырынча белгисиз.
Эске сала кетсек, Ооганстанда университеттерде жана мектептерде сабактар 2021-жылдын август айынын аягында өлкөдө бийликти талибдер басып алгандан кийин токтотулган. Сентябрдын орто ченинде башталгыч класстар ачылып, бирок балдар менен эркек мугалимдерге гана катышууга уруксат берилген. Талибдер кыздардын окуусуна уруксат берилерин, бирок бул үчүн мектептерде өзүнчө класстарды бөлүү зарыл болорун белгилешкен.
«Талибан» кыймылы 15-августта Ооганстанды басып алган. Өкмөт жана жогорку мамлекеттик аппараттын олуттуу бөлүгү өлкөдөн качып кеткен. Кыймылдын өкүлдөрү эл аралык коомчулукту бардык кызыкдар тараптар менен тынчтык жана конструктивдуу мамилелерди сактап калууга ниеттене турганына ишендиришкен.