Connect with us

Армения: Президент кызматтан кетпесе, ыйгарым укуктары токтотулат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 354 | 0

Армениянын президенти Армен Саркисян кызматтан кетүү чечимин күн аягына чейин өзгөртпөсө, анын ыйгарым укуктары токтотулат. Бул тууралуу Армения парламентинин спикеринин басма сөз катчысы Цовинар Хачатрян «РИА Новостиге» билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда Армениянын лидеринин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө протоколго парламенттин төрагасы кол койгону шейшемби күнү эртең менен жарыя кылынат.

Эске сала кетсек, 23-январда Армениянын азыркы президенти Армен Саркисян кызматтан кетерин жарыялаган. Негизги себеп катары ал мамлекет башчысына тышкы жана ички саясаттын процесстерине таасир этүүгө мүмкүндүк бербеген тийиштүү ыйгарым укуктардын жоктугун белгилеген.

Армениянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ален Симонян 24-январда билдиргендей, мыйзам чыгаруу органынын регламентине ылайык, эгерде кызмат адамы бир жуманын ичинде кызматтан кетүү тууралуу арызын чакыртып албаса, анда анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө протокол түзүлөт. Ага парламенттин спикери кол коёт жана жарыялайт. Кызматтан кетүү протоколу жарыяланган учурдан тартып кабыл алынды деп эсептелет.

Өлкөнүн Президентин кезексиз шайлоо бош кызмат орду ачылгандан кийин 25 күндөн эрте эмес же 35 күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Ага чейин мамлекет башчысынын милдетин парламент спикери аткарат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM