Биз менен байланышыңыз

Токаев кайсы мөөнөткө чейин Казакстандын президенти болорун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2022 | 961 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Башмыйзамына өзгөртүү киргизбейт. Бул тууралуу ал казакстандык басылмалардын бирине берген маегинде билдиргенди.

Ошондой эле ал бийликтеги мөөнөтү мыйзам жол берген эки жолку шайлануудан ашпай турганын кошумчалаган.

«Кайсы убакытка чейин Казакстандын президенти боло тургандыгымды билбейм, бирок Конституцияга ылайык, эки мөөнөттөн ашпашы керектигин жакшы билем», – деп айткан Токаев.

Мындан сырткары ал Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгондугу боюнча да комментарий берген.

«Соодалашуу болгон жок, жеке артыкчылыктар жөнүндө да сөз болгон жок. Болгону Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макамы боюнча маселени тез арада чечүү керек эле. Жашырбай эле айтайын, абал курчуп бара жатканда элге кайрыларымды айтып, маселени кабыргасынан койдум. Ошол учурдан тарта Коопсуздук кеңештин төрагасы болдум. Маселе өзүнүн нугу менен эле чечилип кете берди», — деген Токаев.

Токаев 2019-жылдын июнь айында президент болгон. Ал шайлоодо 70,96% добушка ээ болуп, 12-июнда рамий кызматка киришкен.

Ага чейинки президент Нурсултан Назарбаев өлкөнү 1991-жылдан 2019-жылга чейин 28 жыл башкарган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM