Connect with us

Азамат Жаманкулов Алыкул Осмоновдун Чолпон-Ата шаарындагы үй–музейине барды

Кыска кабар | 30 Янв 2022 | 309 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй- музейинде болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата үй-музейи кайрадан жаңыланган экспозициясы менен таанышып чыккан.

Белгилүү кыргыз акыны Алыкул Осмонов 1945-1950-жылдары Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясына дарыланып, ал жерден 3 бөлмөлүү ушул үйдө байырлап калган. Акындын көзү өткөн соң, жашаган үй музей катары пайдаланылып, аны Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Асанбаев Бакыт 14 жылдан бери айлык албастан оңдоп-түзөп көзөмөлдөп келген. 2015-жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата 100 бак тигип, музейдин жанына чакан сейил багын уюштуруп, эстелик тургузулган.

Азамат Жаманкулов акындын үй музейин аздектеп сактоо жана коргоо маселеси Маданият министрлигинин көңүлүндө экендигин белгилеп, мыйзам чегинде музейди Министрликтин балансына толук алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM