Биз менен байланышыңыз

COVID-19дун жаңы 276 учур катталды

Кыска кабар | 30 Янв 2022 | 252 | 0

30-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 276 учуру катталды.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 164, Чүй облусунда – 41, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 456 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт кыргызстандык каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 187 000 киши айыгып чыкса, 2 миң 876 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM