Connect with us

Токаев: Январь айындагы башаламандык кылдат даярдалган

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 539 | 0

Казакстан январдагы болуп өткөн окуяларда бийликти басып алууну көздөгөн, кылдат даярдалган чабуулга туш болгон. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Январдын алгачкы күндөрүндө Казакстан бийлиги катуу шок болду. Биз конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттин пайдубалына, өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин биримдигине доо кетирип, бийликти басып алууга багытталган, кылдат даярдалган чабуулга туш болдук», — деп жазды Токаев.

2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразылык акцияларында миңден ашуун адам жаракат алган. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тополоңдо 4 миң 578 адам жабыркап, 225 адам каза болгонун, көз жумгандардын 19у коопсуздук кызматкерлери экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM