Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Кыргыстандын төрт мушкери коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 28 Янв 2022 | 515 | 0

Ташкент шаарында 22 жашка чейинки мушкерлер арасында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын 4 спортчусу коло медаль алды.

20-январда башталган чемпионаттын жарым финалдык беттештери 27-январда болду. Анда рингге чыккан кыргызстандык 7 мушкердин үчөө: Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг) финалдык баскычка өтүп, төртөө: Анвар Хожиев (48 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Бакыт Токтосун уулу (86 кг) атаандаштарына жеңилип, коло медаль тагынышты.

Финалдык беттештер 29-январда өтөт. Ал эми чемпионаттын жабылуу салтанаты 30-январга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM