Connect with us

Евробиримдик короновируска каршы таблеткаларды жактырды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 512 | 0

Европа Биримдиги короновирус жугузган бейтаптарды дарылоо үчүн сунушталган «Паксловид» таблеткаларын жактырды. Бул тууралуу Биримдиктин медициналык көзөмөл мекемеси кабарлады.

«Паксловид» коронавирусту дарылоого уруксат берилген алгачкы таблетка түрүндөгү дары болуп калды. Аны дарты өтүшүп кетүүсү мүмкүн делген бейтаптар гана ичери болжолдонууда.

АКШ бул дарыны өткөн жылдын 23-декабрында жактырган. Компания иликтөө жүргүзүп көрүп, бул дарыны ичкендердин 89%ы каксыз айыгып кетет деген жыйынтык чыгарышкан.

Pfizer компаниясы жыл аягына чейин 50 миллион куту «Паксловид» өндүрүүнү пландап жатат.

Европа Биримдиги учурда COVID-19ду дарылоо үчүн Merck & Co фармацевтикалык компаниясы сунуштаган «Молнупиравир» препаратынын көрсөтмөлөрүн да карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM