Connect with us

Бүгүн Бразилиянын президенти сотто суралат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 488 | 0

Бразилия соту бүгүн, 28-январда президент Жаир Болсонаруну суракка алат. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Жаир Болсонару 2018-жылы өткөн Бразилия президентин шайлоо учурундагы жашыруун документтерди сүрөткө тартып социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда Жогорку шайлоо сотунун системасына кол салуу каралып жатканы боюнча маалыматтар камтылган болчу. Буга байланыштуу Бразилия Башкы прокуратурасы буга байланыштуу дагы бир кылмыш ишин ачып, президентти сотко берген.

Буга чейин Бразилиянын президенти Жаир Болсонару бир эле учурда тогуз кылмыш боюнча айыпталган. Саясатчы жарандардын конституциялык укуктарын бузган, ошондой эле мындай  жүрүм-туруму кызматына туура келбейт деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM