Биз менен байланышыңыз

2021-жылы Кыргызстанда коррупция күч алган

Кыска кабар , Саясат | 27 Янв 2022 | 553 | 0

Эл аралык Transparency International коррупциянын 2021-жылдагы көрсөткүчүн жарыялады. Анда Кыргызстан 100 упайдын 27 упайын алып, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунду ээледи. Өлкө 2020-жылга карата чыккан жыйынтыкта 31 упай алып, 124-орунду ээлеген болчу.

Коңшу Түркмөнстан 169-орунду, Өзбекстан 140-орунду, Казакстан 102-орунду, Тажикстан 150-орунду, Орусия 136-орунду алган.

Коррупциянын көрсөткүч индексинде биринчи орунда Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия турушат. Бул өлкөлөрдүн бардыгы 88ден упайга ээ болушту. Түштүк Судан 11 упай менен эң акыркы орунду ээлесе, Сирия менен Сомали 13 упай менен акыркыдан экинчини алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM