Биз менен байланышыңыз

Бээжин Олимпиадасына этникалык улуттар да катышат

Кыска кабар , Спорт | 27 Янв 2022 | 429 | 0

Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу Кытай курамасынын катарында кыргыздар, казактар, уйгурлар да бар экенин «Синьхуа» маалымат агенттиги жазды.

Кытай бийлиги этникалык улуттардын да дүйнөлүк мелдештерге катышуусуна уруксат бергени маалым болду. Болгону аларга Кытай асабасынын астында чыгуу талабы коюлду.

Ошондой эле Кытайдын курамасына алгачкы жолу тибеттик бир сноубордчу жана бир лыжачы да кирген.

Айта кетсек, Кытай бийлигин «этникалык азчылыктарга кысым жасады» деп айыптап, бир катар өлкөлөр Бээжин кышкы Олимпиадасына баруудан баш тартып, Дүйнөлүк имамдар кеңеши мусулмандардын оюндарга катышуусуна тыюу салган.

Бээжин кышкы Олимпиадасы 4-февралдан 20-февралга чейин өтөт. Анда спорттун 15 түрүнөн мелдештер орун алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM