Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда суу менен шамдын баасы кескин кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 539 | 0

Ташкентте жана Өзбекстандын бир катар аймактарында электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу дүкөндөрдө суу менен шамдын баасы кескин кымбаттады. Аларды көпчүлүк соода түйүндөрүндө табуу да кыйынга турууда деп билдирет УзА.

Өзбекстандын Суу менен камсыздоо ишканасы элге электр жарыгы берилгенден соң суу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Каракалпакстан менен Хорезм облусунда электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилип, Фергана, Анжиян, Сурхандарыя жана Ташкент шаарларында жарым-жартылай берилди. Учурда өлкөнүн башка аймактарына жарыкты күйгүзүү этап-этабы менен жүрүп жатат.

Кечээ, 25-январда Борбор Азияда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды электр энергиясынан ажыраткан массалык авария болгон. Бул транзиттик линиянын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу болгонун KEGOC электр тармактарын башкаруу кызматынын казак операторунун басма сөз кызматы билдирген эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM